Россияда насыя карталары боюнча лимиттин көлөмү төмөндөтүлдү

21.01.2021, 14:30 Акчабар
Россияда насыя карталары боюнча лимиттин көлөмү төмөндөтүлдү

Россия Федерациясынын банктары насыя карталары боюнча насыянын лимитин 65.4 миң рублга чейин төмөндөттү. Бул акыркы 4 жыл ичиндеги лимиттин минималдуу көлөмү болуп эсептелинет. Бул тууралуу Forbes билдирет. 

 

 

2020-жылдын декабрь айында насыя картасы боюнча орточо лимит 65.4 миң рублду түзгөн. Бир жыл мурун бул көлөм 73.8 миң рублга бааланган. Лимиттин азыркы көлөмү - 2017-жылдан берки минималдуу болуп эсептелинет. 

Сбербанк, ВТБ, Райффайзенбанк, Почта Банк жана «Хоум Кредит» банктар, декбрда берилген насыялар боюнча лимит төмөндөтүлбөгөндүгүн билдиришти. 

Кошумчалай кетсек, БКИ «Эквифакстин» башкы дииректору Олег Лагуткин, бир жыл бою насыя боюнча лимиттин көлөмү жогорку деңгээлде болуп келгенин, төмөндөө Жаңы Жыл алдында башталгандыгын белгилеп кетти. 

Тэги: Россия Федерациясы насыя карталары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу