Путин: Күйүүчү май былтыркыдай көлөмдө жөнөтүлөт

13.10.2023, 10:30 Акчабар
Путин: Күйүүчү май былтыркыдай көлөмдө жөнөтүлөт

Россия кыргызстандык керектөөчүлөрдүн бензин жана дизель майына болгон муктаждыгын толук камсыздайт. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин Бишкекте өткөн сүйлөшүүлөрдө билдирди.

Ал белгилегендей, Россия Кыргызстанга мунай продуктуларын жеткирүүчү негизги өлкө. Өткөн жылы 1 миллион 200 миң тоннага жакын күйүүчү май экспорттолсо, быйыл да ошондой көлөмдө берилет.

"Жеңилдетилген шартта – ташып чыгаруу алымын албастан сатып жатканыбыз республика үчүн да, экономикалык операторлор үчүн да түз экономикалык натыйжасын берүүдө", - деди Путин.

Тэги: мунай Россия Путин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу