Орусия тоок жумурткасын экспорттоого тыюу салган жок

11.12.2023, 16:46 Акчабар
Орусия тоок жумурткасын экспорттоого тыюу салган жок

Быйыл октябрь айында Орусия тооктун жумурткасын экспорттоого убактылуу тыюу салуу долбоорун демилгелеген, бирок бүгүнкү күндө ал чара кабыл алына элек. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Кыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн, анын ичинде Орусия менен Казакстандан тооктун жумурткалары үзгүлтүксүз келип жатат.

“Жаңы жылдык майрамдарда нан азыктарын жана тортторду өндүрүү үчүн азык-түлүк жумурткалары даярдалып, ошондуктан муктаждык көбөйүүдө. Бүгүнкү күндө жумуртка тартыштыгы жок, экспорт жана импортту эсепке алганда жеткирүү 78,7%ды түзөт. Ошол эле учурда 62,5%ы өзүбүздүн өндүрүш менен камсыздалат”, - дейт Айыл чарба министрлиги.

 

Тэги: новости Кыргызстана взаимная торговля в ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу