Орусия Кыргызстандын республикалык бюджетин колдойт. Россия Федерациясынын материалдык жардамы Финансы министрлигинин декабрь айына карата кассалык планында көрсөтүлгөн.
Ошентип, казынанын киреше бөлүгүндө расмий трансферттер бөлүмүндө 837 млн 808 миң сом чагылдырылган. Бул сумма Россия тарабынан грант түрүндө берилээри көрсөтүлгөн.
Кошумчалай кетсек, республикалык бюджеттин жалпы ресурстары декабрь айына 33 млрд 227 млн 448,4 миң сом өлчөмүндө каралган.