2021-жылдын январь-апрель айларында ЕАЭБдин жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн 88,2% Орусия түздү. Мындай маалыматтарды ЕЭКтен билдиришти.
Отчеттук мезгилде Казакстан 6,7%, Беларуссия 4,5% түздү. Кыргызстан менен Армения ар бири 0,3% дан алышты. ЕАЭБдин өнөр жай өндүрүшүнүн түзүмүндө иштетүү өнөр жайы эң чоң үлүштү ээледи (64%). Тоо-кен жана карьерди казып алуунун үлүшү 24,9% (1,7% га жогорулаган) түздү. Электр, газ, буу жана кондиционердин салыштырма салмагы 1,3% га төмөндөп, 9,3% ды түздү.
ЕАЭБдеги тоо-кен тармагында жана карьерлерди казууда өндүрүштүн көлөмү 97,9 миллиард долларды түздү.