Кыргызстанда ушул жылдын алты айында кассалык аппараттар аркылуу 440 млн сомдук чек чыгарылган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө бюджетке түшө турган кирешелерди жана төлөнө турган салыктарды жашыруу мүмкүн болбой баратат.
“Акыркы эки жылда контролдук-кассалык машиналарды колдонгон ишкерлердин саны дээрлик үч эсеге көбөйүп, жыл башында 65 миң 422ге жеткен. Бул Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жаңы техникалык талаптарга жооп берген контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы”, - деди ал.
Мында жарандык көзөмөлдү күчөткөн Мамлекеттик салык кызматынын стимул берүүчү лотереясы да роль ойноду.