ИДПнын өсүшүнө негизги салымды "Кумтөр" кенин иштеткен ишканаларды кошпогондо, өнөр жай кошот, деп билдирди Экономика жана финансы министрлиги.
Министрликтин маалыматы боюнча, "Кумтөрдү" эсепке албаганда, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 15,9% га өстү. Ошондой эле, 2021-жылдын июнь айынан бери тоо-кен иштеринин көлөмү оң динамиканы көрсөтүп, 2,1% га жогорулады.
Өнөр жайдын мындай өсүшүнө "Жерүй" кенинин ишке киргизилиши жана “Кыргыз унаа курулуш” машина куруу заводунда DongFeng жеңил жүк ташуучу унааларын чыгаруучу линиянын ишке кириши жардам берген.