Кыргызстандын ИДПсы 2023-жылдын январь-ноябрындагы 4,4%дан 2023-жылдын январь-декабрында 6,2%га чейин өстү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкы билдирди.
Маалыматка ылайык, декабрь айында экономикага кошумча дем берген жаңы факторлор пайда болду:
- Негизги металлдарды өндүрүүнүн динамикасынын эсебинен кайра иштетүү өнөр жайындагы жылдык өсүш 2023-жылдын январь-декабрында 0,6%дан 2023-жылдын январь-декабрында 2,0%га чейин тездеди;
- Аномалдуу суук аба ырайы энергетика тармагында өндүрүштүн өсүшүн шарттады;
- 2023-жылдын декабрында керектөө өсүп, азык-түлүккө карата таза салык олуттуу өстү.
"Биз бул факторлор убактылуу деп эсептейбиз жана 2024-жылы ИДП 4,5%га өсүшү мүмкүн", - деп белгилейт ЕӨБ аналитиктери.
Тэги: экономика новости Кыргызстана ВВП КР