«РСК Банк» Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен кызматташат

26.10.2023, 11:25 Акчабар
«РСК Банк» Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен кызматташат

"РСК Банк" ААК Башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев менен Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын президенти Тан Цзионг менен жолукту. Бул тууралуу аталган банктын жетекчиси Уланбек Ногаев билдирди. 

Жолугушууда тараптар Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү ишке ашыра турган экономика, соода-сатык, инвестиция, транспорт, айыл чарбасы, инфраструктура, ресурстар жана энергетика тармагындагы долбоорлорун каржылоого ири насыяларды бөлүү маселесин талкуулашты.

“Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын активдери 2 трлн доллардан ашык жана бул анын каржылык туруктуулугу менен эл аралык аренадагы аброюн айгинелейт. Ал эми бул банктын экономиканын ар кыл секторундагы долбоорлорду колдоодо жана каржылоодо активдүү роль ойношуна өбөлгө түзүп берет”, - деди ал. 

Мындагы маанилүү маселелердин бири - РСК банк үчүн юань жана доллар менен насыя линиясын ачуу болуп саналат.

“Биздин делегация андан сырткары учурдагы корреспондеттик тармакты кеңейтүү жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн “Bank of China”, “Bank of Communication и Industrial” and “Commercial Bank of China” сыяктуу каржы мекемелеринин жетекчилери менен жолукту. Биздин КМӨБ жана башка дагы кытай банктары менен болгон байланышыбыз кызматтарыбызды кеңейтүүгө жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө мындан да көбүрөөк салым кошууга көмөкчү болот деп ишенем”, - дейт "РСК Банк" ААК Башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев. 

Тэги: РСК Банк Кытай кызматташуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу