«РСК Банк» уставдык капиталын 2 млрд 321 млн 638, 4 миң сомго көбөйттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Уставдык капитал бир акциянын номиналдык наркы 500 сом болгон 4 млн. 643 миң 277 нускадагы акцияларды кошумча чыгаруу аркылуу көбөйтүлгөн.
Уставдык капитал 9 млрд. 400 млн. 822 миң сом өлчөмүндө бекитилген.