Кечээ, 2-мартта Улуттук банктын жетекчилиги менен коммерциялык банктардын, “Кыргызстан банктарынын союзу” юридикалык жактар бирикмесинин жана “Банктар аралык процессинг борбору” жабык акционердик коомунун жетекчилеринин ортосунда жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда өлкөнүн банк тутумундагы учурдагы жагдай, ошондой эле геосаясий кырдаалга байланыштуу мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтуу жана алдын алуу маселелери, банк секторунун туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн андан ары сактоо чаралары талкууланды.
“Жыйындын катышуучулары банк жана төлөм системасы штаттык режимде иштеп жатканын, кардарлардын төлөмдөрү үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын белгилешти”,- деп билдиришти Улуттук банктан.