Руслан Сүйналиев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун минкабдын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Сүйналиев мекеменин Бишкек шаарындагы Свердлов району боюнча бөлүмүн жетектеп келген. Салык кызматында 25 жылдан бери иштейт.