Экономика жана коммерция министринин орун басары Вероника Исаева менен Россиянын Рязань облусунун губернатору Николай Любимов менен жолугушуп, соода-инвестициялык, өнөр жай, фармацевтика, IT секторлорундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкуулады.
Ведомствонун басма сөз кызматы маалымдагандай, Рязань компаниялары Кыргызстанга металл иштетүү, машина куруу жана фармацевтика продукцияларын, өз өндүрүшүндөгү конвейердик линияларды жигердүү экспорттоого даяр экендиктерин билдиришти.
Кыргыз тарап өлкө аймагында өнөр жай кооперациясын уюштуруу келечектүү багыт болуп калышы мүмкүн экенин белгиледи. Тактап айтканда, министрдин орун басары бизнести коргоо, инвесторлор үчүн тоскоолдуктарды азайтуу, мыйзамдарды жакшыртуу жана тышкы жана ички режимдерди либералдаштыруу боюнча көрүлүп жаткан чараларды белгиледи. Ал ишкер чөйрөлөрдү Кыргызстандын аймагында жүргүзүлүп жаткан долбоорлорго активдүү катышууга чакырды.
Ошондой эле Исаева Рязань өндүрүшчүлөрүнүн (Бишкек ш., Байтик Баатыр көч. 17/2) 57 фирмасынын продукциялары жайгашкан көргөзмө залдын (көп тармактуу көргөзмө экспозициясы) ачылыш аземине катышты. Көргөзмө экспозициясында 500дөн ашык товарлардын жана иштеп чыгуулардын үлгүлөрү эки ай бою көрсөтүлөт.
Белгилей кетсек, Рязань облусунун статистикасына ылайык, 2021-жылы Кыргызстан Рязань облусу менен товар жүгүртүүсү 6 млн долларды түздү (экспорт – 93%, импорт – 7%), бул 2020-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 25%га өскөн.