2020 - жылдын 1 - январынан тарта Өзбекстан акырындан онлайн текшерүү - касса машинасына (ККМ) жана соода тармагындагы виртуалдуу кассага өтө баштайт. Бул тууралуу Podrobno.uz Мамлекеттик салык комитетинин маалыматына таянып, жазып чыкты.
23-ноябрда министрлер кабинети «Онлайн текшерүү-касса машинасын жана виртуалдуу касса тутумун камсыз кылуу жана колдонуу чаралары жөнүндө» токтом кабыл алган.
Жаңы, заманбап, автоматташтырылган тутум эсепти так жүргүзүүгө жана көмүскө жүргузүлгөн накталай акча эсебинин көлөмүн азайтууга шарт түзөт. Муну менен катар бюджетке кошумча булак болоорун маалымдашты.
Ишкерлик субъектилерине Мамлекеттик каттоого киргизилген, онлайн текшерүү-касса машиналары менен Өзбекстан аймагында колдонууга уруксат берилген.