2019-жылы 30-декабрдан тарта КР мамлекеттик жана жеке нотариалдык мекемелеринде «Элетрондук нотариат» автоматташтырылган маалымат системасынын пилоттук долбоору ишке киргизилет. Бул тууралуу КР юстиция Министрлиги маалымдады.
26-декабрда КР юстиция Министрлиги тарабынан «Элетрондук нотариат» автоматташтырылган маалымат системасынын пилоттук долбоорун республиканын мамлекеттик жана жеке нотариалдык мекемелеринде тест түрүндө киргизүү» боюнча буйрук чыккан.
Министрликтен белгилегендей, аталган долбоорду ишке ашырууда каталар байкалган учурда, иштеп чыгуучулар тарабынан тийиштүү чаралар көрүнөт.
КР юстиция министрлиги буга чейин билдиргендей, мамлекеттик нотариалдык мекемелерге жабдыктар берилген жана кызматкерлерге «Элетрондук нотариат» боюнча кошумча окутуу курстары өткөрүлгөн.