Австрияга барууну каалаган кыргызстандыктарга виза алууга уруксат берилди

26.12.2019, 14:15 Акчабар
Австрияга барууну каалаган кыргызстандыктарга виза алууга уруксат берилди

Австрияга барууну каалагандар 2020-жылдын башынан тартып Бишкектен виза ала алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 5-январдан баштап Австриянын Казакстандагы элчилиги Нур-Султан шаарында документтерди кабыл алуучу VFC деп аталган борборду ачып, анын бир бөлүмү Бишкекте иштеп баштайт. Аталган жай Ибраимов көчөсү 103-дарегиндеги «Victory» бизнес борборунда жайгашкан.

«Виза алуу үчүн алдын ала интернет аркылуу арыз бериш керек. Ал үчүн (0312) 979261 номурларына кайрылса болот», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, жаңы жылдан тарта Германиянын Кыргызстандагы элчилиги бир нече мамлекетке виза берүү ишин токтоткон.

 

 

Тэги: виза Австрия визовый центр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу