Жыл башынан бери Кыргызстанда дизель майы 10 сомго кымбаттады

26.07.2022, 10:21 Акчабар
Жыл башынан бери Кыргызстанда дизель майы 10 сомго кымбаттады

Жыл башынан бери Кыргызстанда дизель майы 10,2 сомго же 17%га кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Эгерде жыл башында дизелдик май республика боюнча орточо эсеп менен 58,75 сом болсо, 22-июлда анын баасы 68,99 сомго жеткен. Акыркы айда эле баа 4 сомго кымбаттады.

Ошол эле учурда эң кымбат дизель Исфана (74,96 сом), Баткен (74,15 сом) жана Ош (71,9 сом) шаарларында. Кошумчалай кетсек, буга чейин “Акчабар” Кыргыз Республикасында дизель майынын орточо баасы дээрлик 69 сомго жеткенин жазган.

Ошол эле учурда июль айында Кыргызстанда АИ-95тин орточо баасы 65,82 сомду, АИ-92ге орточо баа 61,83 сом болду.

Тэги: дизель Кыргызстан цены

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу