Жыл башынан бери акча алмаштыруучу жайларга 1 млн 265 миң сом айып салынды

17.11.2022, 15:18 Акчабар
Жыл башынан бери акча алмаштыруучу жайларга 1 млн 265 миң сом айып салынды

Жыл башынан бери Улуттук банк 131 жолу коммерциялык банктарга текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу тийиштүү мекеме билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамга ылайык чаралар көрүлдү. 

“Мындан тышкары, комбанктарга кардарларды банктык тейлөө, кардарлардын алдындагы милдеттенмелерди аткаруу үчүн ликвиддүүлүктү колдоо боюнча ишин күчөтүү сунушталат. Мындан тышкары, коммерциялык банктардын жетекчилери менен учурдагы кырдаалды талкуулоо жана стабилдүү иш алып баруу үчүн зарыл чараларды көрүү үчүн жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат”, — деп айтылат регулятивдик органдын билдирүүсүндө. 

Ушул жылдын башынан бери Улуттук банк 120 акча алмаштыруу жайына жана тиешелүү лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруучу жактарга карата 54 текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 30 эскертүү каты жөнөтүлүп, 34 жолу акча алмаштыруу жайынын лицензиялары токтотулган. Бир акча алмаштыруу жайынын лицензиясы жокко чыгарылган.

Мындан тышкары, 23 акча алмаштыруучу жайга 55 миң сом (жалпы сумма 1 млн 265 миң сом) жана 39 жеке жакка 17,5 миң сом (жалпы сумма 682,5 миң сом) өлчөмүндө айып пул салынган.

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика Национальный банк обменные бюро

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу