Соцфонд 2021-жылдын январь-август айларында 45 миң 791 жаранга пенсия дайындаган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Анын ичинде 2021-жылдын августунда 4,7 миң жаранга пенсия дайындалган.
Пенсия 928 пенсионерге эмгек стажы, эмгек акысы жана майыптыгы боюнча кошумча берилген документтерге ылайык кайра эсептелди.