Садыр Жапаров 20 млн долларлык мүлкү бар экенин билдирди

15.02.2024, 17:16 Акчабар
Садыр Жапаров 20 млн долларлык мүлкү бар экенин билдирди

Президент Садыр Жапаров бардык мүлкү 20 млн долларга бааланарын, аны мыйзамдаштырганын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал байларды мүлктөрүн мыйзамдаштырууга чакырып, өзү үлгү катары байлыгын легалдаштырганын белгилеген. 

“Менин имараттарым да мурда башка бирөөлөргө катталган эле. Эми легалдаштыруу мыйзамынын негизинде өзүмө каттаттым. Мен өзүм башкаларга үлгү көрсөтөйүн деп биринчилерден болуп легалдаштырдым”, - деп жазган президент. 

Садыр Жапаров бардык мүлктөрүнүн баасы 20 млн доллардын тегерегинде экенин айткан.  

“Легалдаштыруу үчүн мамлекетке бир млн сом төлөп бердим. Мыйзамдын талабы ушундай. Чет өлкөдө каткан акчаларым жок, болсо аларды да алып келип өзүбүздүн банктарга салып коймокмун”, - деди ал. 

 

Тэги: Садыр Жапаров легализация мыйзамдаштыруу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу