Садыр Жапаров иш сапары менен Орусияга кетти

07.05.2024, 17:55 Акчабар
Садыр Жапаров иш сапары менен Орусияга кетти

Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, иш сапары менен Россия Федерациясына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Анын алкагында мамлекет башчысы Москва шаарында Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 79 жылдыгын белгилөө боюнча салтанаттуу иш-чараларга катышат.

Расмий делегациянын курамында төмөнкүлөр бар:

-министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
-тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
-президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
-Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат;
-экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
-Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.

Тэги: Садыр Жапаров иш сапар Россия ЕАЭБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу