Akchabarsearch
Садыр Жапаров иш сапары менен Татарстанга кетти
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2024-23-10, 15:25

Садыр Жапаров иш сапары менен Татарстанга кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Татарстандын Казань шаарына жөнөп кетти.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында төмөнкүлөр бар:

- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев.

Алдыдагы саммиттин жүрүшүндө көп тараптуулукту бекемдөөгө, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат деп күтүлүүдө.


Тектеш материалды окуу