Мамлекет ата мекендик инвесторлорду колдойт — Садыр Жапаров

15.01.2024, 13:07 Акчабар
Мамлекет ата мекендик инвесторлорду колдойт — Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде ички инвесторлорду колдой турганын билдирди. 

Анын айтымында, кыргызстандык бай жарандар ири инвестор болгулары келбейт. 

“Баары акчаларын чет өлкөдөгү банктарда кармашат. Ошол акчаларын коркпой алып келип, өлкөбүзгө иштетиши үчүн акчалары менен мүлктөрүн легалдаштыруу мыйзамын кабыл алып бергенбиз. Бул мыйзам 1-июлга чейин иштейт. Легалдаштырып алышса, анан акчаларын коркпостон алып келип, ири долбоорлорду башташат деп ойлойм”, - деди ал. 

Ошондой эле, ал ишкерлер экономиканын кыймылдаткыч күчү экенин, бул жолкусунда жарлыктын аткарылышын катуу көзөмөлдөй турганын билдирди. 

“Мурдагыдай текшерүүчү органдар бирөөнүн үстүнөн арыз уюштура калып текшерүүгө жетип баргандар болсо, дыкат териштирип, күнөөлүүлөрдү жазалайбыз”, - деди президент. 

 

Тэги: президент новости Кыргызстана инвесторы легализация денег

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу