Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, ушул жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Конституцияга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ошондой эле мамлекет башчы «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзамына кол койду.
Иш-чарага мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү - Жогорку Кеңештин депутаттары, судьялар корпусунун өкүлдөрү, өлкөнүн Өкмөтү, коомдук ишмерлер катышты.
Иш-чара саат 10: 00дө башталып, Коомдук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан түз эфирде көрсөтүлдү.