Президент Садыр Жапаров кечээ, 4-февралда Кытайдын Пекин шаарында өтүп жаткан XXIV Кышкы Олимп оюндарынын ачылыш аземине катышты.
Иш-чара «Куш уясы» деп аталган Пекин улуттук стадионунда өттү.
Аземдин катышуучулары менен меймандарына, анын ичинде чет мамлекеттердин жетекчилерине, чет элдик делегациялардын өкүлдөрүнө жана эл аралык уюмдардын жетекчилерине заманбап технологиялар жана атайын эффекттер колдонулган театралдаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлдү.
Спортчулардын парадына ата-мекендик лыжачы Максим Гордеев катышып, стадиондо Кыргызстандын желегин көтөрүп өттү. Аземдин соңунда КЭР Төрагасы Си Цзиньпин оюндарды ачык деп жарыялады.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров кытай тараптын чакыруусу менен Кытайда иш сапары менен жүрөт.