Кыргыз-кытай инвестициялык фонду түзүлүшү мүмкүн

06.02.2022, 18:11 Акчабар
Кыргыз-кытай инвестициялык фонду түзүлүшү мүмкүн

Экономиканын тиешелүү тармактарында жаңы долбоорлорду стимулдаштыруу максатында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушууда кыргыз-кытай инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады

Фонддун жалпы капиталы 1 млрд долларды түзүшү керек, ал чакан жана орто бизнес тармагындагы эки тараптуу долбоорлорду каржылай алмак.

"Кыргызстанда Кытай грантынын негизинде ирригациялык тармактарды реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, быйыл жазда тиешелүү иштерди баштоо пландалып жатканын, бул Борбордук Азияда суунун азайуу мезгили келип жаткан учурда  өзгөчө актуалдуу", - деп кошумчалады Садыр Жапаров. 

Андан соң, президент Кыргызстандын аймагында эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин токтотулган бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү үчүн өлкөлөр ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарын жандандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Сүйлөшүүнү жыйынтыктап жатып, Садыр Жапаров Си Цзиньпинди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды

Тэги: кыргызско-китайский фонд Садыр Жапаров Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу