Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлердин эмгек акысынын негизги ченемин жогорулатууну көздөөдө. Бул тууралуу министрдин орун басары Мадемин Каратаев Республикалык наркология борборунун медицина кызматкерлери менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, бөлүм дарыгерлердин айлыгын көтөрүүнү көздөп, учурда бардык керектүү иштер жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, бүгүн, 30-октябрда Саламаттык сактоо министрлигинин жанында наркологиялык кызматтын жоюлушуна каршы митинг болуп, министрдин орун басарлары митингчилер менен жолугушту.