“Электр станциялары” ААКнын аткаруу органынын курамында өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Ошентип, директорлор кеңешинин 15-августтагы чечими менен компаниянын башкармалыгынын мүчөсү Салават Садыракуновдун ыйгарым укуктары токтотулду.
Анын ордун Чыңгыз Мурзакматов ээлейт, буга чейин ал “Электр станциялары” ААКнын башкы директорунун орун басары болуп келген.