Бирдиктүү салык декларациясын дээрлик 500 миң киши тапшырды

03.04.2024, 16:10 Акчабар
Бирдиктүү салык декларациясын дээрлик 500 миң киши тапшырды

2-апрелге карата 499 миң 918 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Тапшыргандардын ичинен 57 миң 270 юридикалык жактар, 112 миң 63 жеке ишкерлер, 264 миң 808 жеке жактар, ошондой эле 65 миң 777 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерлер болуп саналат. 

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү салык декларациясын кийинкиге калтырбастан мөөнөтүнөн мурда тапшырууга чакырат.

Эскерте кетсек, 1-майга чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер салык декларациясын тапшырышы керек.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Тэги: Мамлекеттик салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу