37 салык кызматкер коомчулуктан түшкөн арыздын негизинде жаза алышты

17.10.2019, 11:26 Акчабар
37 салык кызматкер коомчулуктан түшкөн арыздын негизинде  жаза алышты

КР Мамлекеттик салык кызматы 2019 – жылдын акыркы 9 айында коомчулуктан келип түшкөн кайрылуулардын жыйынтыгынын негизинде 37 кызматкер жазага тартылган. Бул тууралуу аталган тармактын басма сөз кызматы билдирет. 

Салык төлөөчүлөрдөн МСКга жалпысынан 130 кайрылуу жана даттануулар келип түшкөн. Анын ичинен кат түрүндө – 50 билдирүү, электрондук дарек аркылуу – 36, «ишеним телефонуна» – 41 жана ММК аркылуу – 3 билдирүү келген. 

Келип түшкөн кайрылуулардан 103 салык кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине карата болгон, 27 салык мыйзамдарын бузуу себептери аныкталган. Бардык кайрылуулар КР мыйзамынын негизинде каралган. 

Жыйынтыгында кабыл алынган чечимдердин  негизинде 4 кызматкер жумуштан бошотулуп, 8 кызматкерге катуу жаза берилди, 11 кызматкер жазаланып, 8 кызматкерге сын айтылып, 6 кызматкерге катуу эскертүү берилди. 

Келип түшкөн 27 кайрылуунун ичинен, 11 факты тастыкталган. Дагы 12 даттануу тастыкталган жок. Мыйзам бузган бардык кызматкерлер катуу жазаларын алышты – деп жазылат билдирүүдө. 

Андан  сырткары, жыл башынан бери МСКнын жетекчилигинин кабылдамасында 72 жаран келген,анын ичинен жеке суроолору менен – 39, салык мыйзам суроолору боюнча – 26, кадр маселелси менен – 7 жаран кайрылган. 

Тэги: салык кызматкерлери коомчулук даттануу арыз жаза

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу