Салык кызматы төрт айда 73,5 млрд сом салык жыйнады

12.05.2023, 11:20 Акчабар
Салык кызматы төрт айда 73,5 млрд сом салык жыйнады

Мамлекеттик салык кызматы январь-апрель айларында 73 млрд. 514,2 млн. сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, белгиленген план 1,2 млрд. сомго ашыгы менен аткарылды. Төрт айдын жыйынтыгы боюнча жыйымдар 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,9 млрд сомго өскөн. 

Анын ичинде 53 млрд. 810,1 млн. сом салык жана төлөмдөр жыйналып, план 500,9 млн. сомго ашыгы менен аткарылды. Былтыркы жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 5,7 млрд. сомго көп чогултулду.

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 19 млрд. 704,1 млн .сомду түзүп, план 704,1 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 5,2 млрд. сомго көп.

“Пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткаруунун негизги инструменттеринин бири – салыктык башкарууну жакшыртуу болду. Экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторинг жүргүзүү, бизнести көмүскөдөн чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлдү”, - деп билдиришти мекемеден.

Мындан тышкары, "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун санариптештирүүнүн компоненттери – контролдук кассалык машина, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, электрондук эсеп-фактура ж.б. да өзүнүн оң натыйжаларын берген. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу