Эртең Самаркандда ЕРӨБдүн жылдык жыйыны башталат

15.05.2023, 14:17 Акчабар
Эртең Самаркандда ЕРӨБдүн жылдык жыйыны башталат

Ушул айдын 16-18-майында Самаркандда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Башкаруучулар кеңешинин 32-жылдык жыйыны өтөт. Бул тууралуу "Янги Узбекистон" медиа порталы билдирди.

Иш-чарага 73 өлкөдөн 2000ден ашык коноктордун, анын ичинде чет өлкөлүк өкмөттөрдүн өкүлдөрү, трансулуттук корпорациялардын жетекчилери, эл аралык каржы институттары менен банктарынын жетекчилери, экономика, инвестиция, финансы жана технология тармагындагы эксперттер, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү эксперттер жана медиалар катышары пландалууда.

Иш-чаранын негизги темасы - экономиканын туруктуулугуна инвестиция тартуу. Жыйындын жүрүшүндө банкка мүчө-өлкөлөр туш болгон кыйынчылыктарды жеңүү боюнча чараларды иштеп чыгуу боюнча панелдик талкуулар өткөрүлөт. 

Ошондой эле, жыйында төмөнкү багыттар боюнча панелдик талкуулар болот: 

  • эл аралык соода;
  • энергетикалык коопсуздук, энергиянын кайра жаралуучу булактары;
  • чакан жана орто бизнестин экономика үчүн мааниси;
  • өнүгүп келе жаткан рыноктордо санариптештирүү;
  • ЕРӨБ Жашыл шаарлар программасы;
  • “Региондук экономикалык перспективалар" аттуу ЕБРРдин негизги макроэкономикалык изилдөөсүнүн презентациясы болот. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу