Wildberriesтеги эң популярдуу кыргыз товары — спорттук кийим

23.08.2023, 11:12 Акчабар
Wildberriesтеги эң популярдуу кыргыз товары — спорттук кийим

Wildberries маркетплейсинде Кыргызстандан сатылган продукция 9,2 миллиард рублга чейин өстү. Бул өткөн жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу 2,6 эсеге көп.

Ошол эле учурда жүктөрдү жеткирүү ылдамдыгы дээрлик эки эсеге өстү.

"Платформада катталган жергиликтүү бизнес өкүлдөрүнүн жалпы саны өткөн жылы 2,4 эсеге өстү", - деп белгиледи Wildberries.

Кыргызстандын товарларынын динамикалуу өсүп жаткан алдыңкы 10 категориясына төмөнкүлөр кирет:

  • спорттук товарлар (+947%);
  • тиричилик буюмдары (+735%);
  • эмерек (+414%);
  • баш кийим (+413%);
  • ымыркайлар үчүн товарлар (+373%);
  • комбинезон (+320%);
  • пардалар жана аксессуарлар (+191%);
  • ич кийим (+170%);
  • аксессуарлар (+169%);
  • кийим (+163%).

"Платформада сатып алуучулар тарабынан эң көп талап кылынган буюмдар: тиричилик техникасы, китептер, үй буюмдары, спорттук товарлар, ошондой эле күнумдүк керектөө товарлары (FMCG): азык-түлүк, косметика жана жеке гигиеналык буюмдар", - деп белгиледи Wildberries.

Тэги: новости Кыргызстана Wildberries

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу