Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы 9 объектти жапты

22.05.2023, 14:36 Акчабар
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы 9 объектти жапты

Биринчи кварталда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы тогуз объекттин ишин токтотту. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаменти билдирди. 

Маалыматка ылайык, ишкердик субъекттерин текшерүүдө аныкталган санитардык бузуулар боюнча 553 мыйзам бузуу протоколдору түзүлүп, жалпы суммасы 2 742 500 сомдук айып салуу боюнча 572 токтом чыгарылган.

“Тогуз объектинин иши (жабылышы) токтотулуп, мыйзам бузууларды четтетүү боюнча 442 санитардык корутунду чыгарылды”, - деп айтылат маалыматта. 

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл ишкердик субъекттерин текшерүүгө киргизилген мораторий санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык коопсуздук жаатындагы мыйзамдарды сактоого колдонулбай турганын кошумчалайт. 

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлору “Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргызстандын мыйзамынын негизинде пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүшөт. Пландан тышкаркы текшерүүлөр чарба жүргүзүүчү субъекттин арызы боюнча, жарандардын арызы боюнча, адамдардын өмүрүн жана ден соолугун камсыздоого байланышкан учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн. Иш-чаралар Экономика жана соода министрлиги менен макулдашылган.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу