Кечээ, 21-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Ысык-Көл облусунун экологиялык-экономикалык абалы тууралуу” Жогорку Кеӊештин депутаты Максат Сарбагышевдин кайрылуусун карады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Депутат Максат Сарбагышев кайрылуусунда Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын абалы боюнча маселе көтөргөн. Ал белгилегендей, Чолпон-Ата шаарындагы насостук станция шаарды, пансионаттарды жана медициналык мекемелерди тейлейт. Тазалоочу курулмалардын иштеши ошол насостук станциядан көз каранды. Эгер авария болгон болсо Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугуна коркунуч келтирет.
Кошумчалай кетсек, саркынды суулар Ысык-Көлдөн 150 метр алыстыкта жайгашкан атайын суу сактагычка куят. Ал эми насостук станцияны жаңылоо маселеси Азия өнүктүрүү банкынан алынган насыянын эсебинен чечилиши мүмкүн.
Талкуунун жыйынтыгында депутаттар бул маселени кайрадан апрель айында Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларында өткөн жыйындын алкагында кароону чечти.