Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга алгачкы жолу келди

21.03.2022, 12:25 Акчабар
Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга алгачкы жолу келди

Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан Аль-Сауд Кыргызстанга эки күндүк расмий сапары менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына карата уюштурулган расмий сапардын алкагында, президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

“Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарга басым жасоо менен бирге, кыргыз-сауд мамилелерин кеңейтүүнүн абалы жана келечеги, ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери кеңири каралат”,- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Аль-Сауд тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу боюнча эки тараптуу мамилелердин тарыхында алгачкы жолу Кыргызстанга расмий сапары менен келди.

Тэги: ТИМ. Файсал бин Фархан Аль-Сауд кыргыз-сауд мамилелери

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу