Кыргызстанда кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу жана сатуу боюнча келишимдер жакшы жыйынтык берүүдө. Акыркы 11 айдын ичинде, түзүлгөн келишмидердин көлөмү 7.8% өскөн. Бул тууралуу жер ресурстары боюнча Мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Агенттиктин берген маалыматына ылайык, түзүлгөн келишимдердин көпчүлүк бөлүгу Жалал-Абадда - 18.3% жана Ош шаарында - 15.2% катталган.
2018-жылга салыштырмалуу, келишимдердин суммасы 12 млрд сомду түзүп, 15.2% өскөн.