ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт

24.02.2022, 09:16 Акчабар
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт

Нур-Султан шаарында 24-25-февралда Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт.

Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына караганда, Биримдикке мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары ЕАЭБдин бажы аймагына ташылып келинген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууну жана жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуунун аткарылышын талкуулашат.

2022–2023-жылдарга Биримдик өлкөлөрүндө жарандык авиация тармагындагы өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү боюнча жол картасын, ЕАЭБ интеграцияланган маалыматтык системасынын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө отчетту кароо пландаштырылууда.

Мындан тышкары, күн тартибинде «Евразиялык Агроэкспресс» тездетилген контейнердик темир жол рельси жана айыл чарба продукцияларын мультимодалдык ташууларды ишке ашыруу боюнча мүчө мамлекеттердин биргелешкен долбоорун талкуулоо, ЕАЭБ жөнүндө макулдашууга жеке жактар саткан товарлардын электрондук соодасынан кыйыр салыктарды алуу тартиби бөлүгүндө, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын ЕАЭБтин айрым демилгелерине катышуусу жана бир катар башка маселелер боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү.

Жыйынга Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларусиянын өкмөт башчылары, ошондой эле ЕАЭБге байкоочу мамлекеттер – Куба жана Өзбекстан, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.

 

 

Тэги: ЕАЭС главы правительств

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу