Шаардык чарба департаментинин директору Нурлан Касымов кызматынан бошотулду

23.09.2020, 14:00 Акчабар
Шаардык чарба департаментинин директору Нурлан Касымов кызматынан бошотулду

Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык чарба департаментинин директору Касымов Нурлан Куйбулбекович кызматынан бошотулду.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка шаар мэри Азиз Суракматов кол койду.

Белгилүү болгондой, департаменттин директорунун убактылуу милдетин аткаруучу болуп анын орун басары Шеримбаев Максат Калыбекович дайындалды.

Эскерте кетсек, мэр Азиз Суракматов 14-сентябрда өткөрүлгөн пландык жыйында шаардык кызматтарды санариптештирүүнүн жүрүшүнө нааразычылыгын билдирген. Шаар башчысы тургундардын шаардык кызматтар менен кызматташуусунда бирдиктүү санарип продукт жок экендигин, муниципалдык кызматтарды пайдалануу татаал экенин белгилеп, шаардык чарба департаментинин башчысы Нурлан Касымовдун жумуштан кетүүсүн сунуштаган.

Тэги: шаар мэрия департамент

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу