Бишкекте 300 миллион сом ата-энлерден жыйналат

07.05.2019, 15:20 gulmira umetalieva
Бишкекте 300 миллион сом ата-энлерден жыйналат

Мектептердеги колдоо фондунда канча акча айланат? Бугүн дал ушулу темага байланыштуу тегерек үстөл уюштурулду. Анда Бишкек, Ош, Каракол сыяктуу  Кыргызстандын ири шаарларында ата-энелерден акча чогултуу жасалары айтылып, бирок мектептерде канча акча айланары так айтылган жок. Бир гана Бишкекте 300 миллион сом ата-энелердин капчыгынан кагылууда.

 Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова борбор калаадагы окуучулардын ата-энелери жылына 300 миллион сом чогултарын айтты.

Бирок, коомдук фонддор аркылуу чогулган бул акчалар максаттуу жумшалабы? Бул дагы чоң маселе жаратууда. Ата-энелердин “ыктыярдуу демилгеси” менен чогулган каражаттарды КР Эсептөө палатасы дагы текшере албайт. Андыктан, банк аркылуу которулган акчалар дагы кайда жумшалып жатканын бир дагы мектеп ачык, так жазып отчет бере албай жатат деп билдирди “Булан” иститутунун координатору Назгүл Калмамбетова.

“2018-жылы биз Бишкектин мектептеринин баардыгын текшерип, бирок фонддорго келген акчалар тууралуу отчеттор илинбей, ата-энелерге ачык айтылбай келет. Мектеп директорлору маалымат берүүдөн баш тартышты. Демек, ай сайын 300 сомдон 800 сомго чейин ар бир окуучудан алынган каражаттар сентябрдан июнга чейин чогултулуп, канча акча айланып жатканын эч ким ачыктагысы келбейт. Алтургай акчалар ата-энелер аркылуу эмес, балдар аркылуу сурашы аларга психологиялык басым жасалууда”- деп кошумчалады ал.

 Ошол эле учурда  Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова  коомдук фонддордон түшкөн каражаттар үчүн маалыматты мектеп эмес, ата-энелердин бирикмеси бериши керек деген пикирде. Бирок, азырынча дал ушул фонддор мектепке, айрыкча директорлого көз каранды болгондуктан, коррупцияга жол берилүүдө.

Биз бир эле мектеп, чуулганду Сокулуктун Новопавловка айылындагы Чынгыз Айиматов  атындагы №1 лицейдин айланасында эле мамлекеттен келген жана ата-энелер менен жергиликтүү  айыл өкмөттөн түшкөн каражаттарды  сунуштайлы.

Алсак, мамлекет тарабынан 2018-жылы эле баардык чыгымдар үчүн 48 миллион 828,4 миң сомдук каражат бөлүнөт. Ушул эле учурда, Новопавловка айыл өкмөтү 4,3 миллион сом  жылуулук системасы, спорт аянтчасын, откананы ондоого сарпталып, көмүр менен электр энергиясы үчүн деп берилген. Ал эми ата-энелер тарабынан бул мектеп жылына болжолдуу 28,5 миллион сом акча чогулат.

Бирок, ал кандай максатта жумшаларына так отчет берилбей, ата-энелер нааразы болгондуктан учурда бул мектептин директору Диляра Абдуллаева убактылуу кызматтан четтетилип, финполиция, прокуратура текшерүүгө алган.  Ушул эле учурда 250 ашык ата-энелер КР Акыйкачы институна арыз менен кайрылышканын бүгүнкү тегерек үсөлдө белгилүү  болду.

Азырынча, ата-энелер коомдук фонддорго чогулган нааразычылыктарын ачык айтпастан жашыруун  кайрылары белгилүү  болду. Анткени, мектепте мугалимдер  тарабынан балдарга басмырлоо күч экенин тегерек үстөлгө  катышкан жарандык активистер билдиришти.

Бул бир эле мектептин мисалындагы акчалар. Ушул эле учурда Бишкек шаарында 96 муниципалдык мектептер иштеп, анын айланасында банктык эсепке кирген 300 миллион сом акча эсепке алынып, ал эми ата-энелер аркылуу колго берилген акчалардын агымы канча азырынча эч ким так айта албайт. 

 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу