Швейцария Саламаттык сактоо министрлигине 43 млн сомдук жабдууларды тапшырды

12.03.2024, 11:33 Акчабар
Швейцария Саламаттык сактоо министрлигине 43 млн сомдук жабдууларды тапшырды

Швейцария Кыргызстандын баштапкы медико-санитардык уюмдарына 43 млн сомдон ашык суммага компьютердик жабдууларды берди. 

Бул IT жабдуулар Кыргызстандын түштүгүндөгү жана Бишкек шаарындагы 228 баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына өткөрүлүп берилди. Техника “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” швейцариялык долбоорунун алкагында электрондук саламаттык сактоону чыңдоо максатында тапшырылды.

Республикада баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатууда жана жугуштуу эмес ооруларды дарылоону жакшыртууда техникалык жабдуулар маанилүү ролду ойнойт. Ошондой эле саламаттык сактоо программаларына, иш-чараларына мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого көмөктөшөт, жыйынтыгында бул Кыргызстан калкынын ден соолугунун жакшырышына алып келет.

Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору сапаттуу баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу аркылуу Кыргызстан калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган.

Долбоор Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын камтыган, ал эми азыр Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барууда.

Тэги: новости Кыргызстана Швейцария

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу