Сингапур «Бир кур – бир жол» долбоорунда негизги инвестор болууну көздөдө. Бул тууралуу ТАСС агентиги Сингапурдун премьер-министри Ли Сянь Лунга таянып жазышты. Учурда ал Пекинде бул долбоордун лидерлери катышкан формуга келген.
«Биз Китайга ири инвестор болуу менен бул долбоорго активдүү катышабыз деген пикирдебиз», –деп билдирди премьер-министр.
Анын айтымында, «сөз адамдык капитал боюнча үчүнчү тараптан инвестиция жасоо» тууралуу болууда. Лун бул долбоорду ишке ашыруу үчүн «көп жыл кетет» деп билдирди.
«Мүмкүн бул долбоор эч качан бүтпөйт», – деп айтты ал.
Премьер-министр Кытай менен Сингапур 2015-жылдан бери чунцин долбоору ийгиликтүү иштеп жатат. Анда транспорттук коридор батыш аймактары аркылуу Китая менен Сингапурдун мегаполистери Чунцин менен биригет. Анын пикиринде «бул тажрыйба Кытай менен Түндүк-Чыгыш-Азия мамлекеттерин, келечекте Сингапурдун порттору аркылуу жалпы дүйнөлүк рынокко чыгарууга жол ачат».
«Бир кур – бир жол» – долбоору 2013-жылы Китай жетекчиси Си Цзиньпин тарабынан сунушталган. Анын максаты– эл аралык ар тараптуу соо-инвестициялык долбоорлорду китай, ошондой эле чет элдик капиталдарды кошуп ишке ашыруу. Долборго 124 мамлекет катышып, 29 эл аралык уюмдар тартылган.
25-27-апрелде Пекинде «Бир кур – бир жол» эл аралык экинчи форум өтөт. Ага 40 мамлекеттин башчылары катышып менен катар БУУ дагы чакырылган.