Эксперт: Кыргызстанда суюлтулган газга болгон абал туруктуу

07.01.2022, 11:05 Акчабар
Эксперт: Кыргызстанда суюлтулган газга болгон абал туруктуу

Казакстан Кыргызстанды суюлтулган газ менен камсыз кылган негизги өлкөлөрдүн бири,андыктан жарандардын коңшу өлкөдө болуп жаткан башаламандыктан улам газга болгон баанын өсүшү ыктымал деп кооптонуусу түшүнүктүү эле болууда.

Анкен менен эксперттер оптимисттик маанайда карашууда.

“Кыргызстанда суюлтулган газ боюнча абал туруктуу”, - дейт Нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов.

Анын айтымында, газга болгон баа бир аз төмөндөгөн: эгерде 2021-жылдын декабрь айында күйүүчү майдын бир литринин баасы 37-38 сом болсо, азыр 36 сом, айрым жерлерде 35 сомго чейин жеткен.

Ошол эле учурда эксперт Казакстан менен чек аралар жабылып, транзит толугу менен токтотулса гана баанын көтөрүлүшү мүмкүн экенин баса белгиледи.

Кошумчалай кетсек, мындан бир күн мурун Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жакынкы арада суюлтулган газдын бир литри 2-3 сомго арзандашы күтүлүп жатканын билдирген.

Тэги: Казахстан СУГ автогаз Кыргызстан ассоциация нефтретрейдеров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу