Кумтөр 17 жылдан бери кардары болуп келген Балыкчыдагы дүң кампа базасы сатылат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Дүң-складдык база 9 гектар аянтка жайгашып, төрт темир жол линиясы жана бир маневрдик тепловозу бар.
Белгилеп кетсек, учурда акциялардын 39%ы гана сатылып жатат, бирок көлөмүн 99%га чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү ар дайым бар.
Кыймылсыз мүлктүн ээси "Ысык-Көл продукциясын жеткирүү ишканасы" ЖАК болуп саналат.