Кыргызстанда орточо айлыкка канча литр бензин алууга болот?

30.07.2020, 11:00 Акчабар
Кыргызстанда орточо айлыкка канча литр бензин алууга болот?

2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында Европа менен КМШ мамлекеттеринин көпчүлүгүндө бензинге болгон баа 2019-жылга салыштырмалуу ылдый болгон.  Баалардын эң чоң төмөндөөсү Азербайжанда (-28 пайыз), Украинада (-15.4 пайыз) жана Румынияда (-14 пайызды) түзгөн. Кыргызстанда 2020-жылы бензинге болгон баа 5.6 пайызга төмөндөгөн. Мындай маалыматтарды Picodi порталы келтирет.

Белгиленгендей, Европа жана КМШ мамлекеттери ичинен бензиндин 1 литрине болгон эң төмөн баа Казакстанда байкалып, 0.42 долларды түзгөн.

Муну менен, орточо айлыкка төмөнкү көлөмдөгү күйүүчү майды алууга болот:

  • Казакстанда – 923 литр;
  • Орусияда – 919 литр;
  • Азербайжанда – 623 литр;
  • Беларуста – 553 литр;
  • Арменияда – 403 литр;
  • Молдовада – 352 литр;
  • Украинада – 345 литр;
  • Өзбекстанда – 330 литр;
  • Кыргызстанда – 329 литр;
  • Тажикстанда – 151 литр.

Белгилей кетсек, дүйнөлүк рейтингде Персия булуңунун өлкөлөрү алдыңкы орундарды ээлейт. Саудия Арабиясында, Катарда жана Кувейтте орточо айлыкка 5.1 миңден литрден 8.2 миң литрге чейин бензин сатып алууга болот. Эң төмөнкү позицияны Куба ээлейт – болгону 28 литр.  

 

Тэги: бензин цены рейтинг топливо Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу