Саламаттык сактоо министрлигине дагы 220 жасалма дем алдыруу аппараты керек

14.07.2020, 12:30 Акчабар
Саламаттык сактоо министрлигине дагы 220 жасалма дем алдыруу аппараты керек

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 572 иштеп жаткан жасалма дем алдыруучу аппарат бар, бирок Саламаттык сактоо министрлигине дагы 220 керек. Бул тууралуу бүгүн брифингде коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

 

«Пандемия башталгандан бери 23 жасалма дем алдыруу аппараты, 5 СИПАП-аппараты жана 130 БИПАП-аппараты сатылып алынган. Азыркы учурда донорлордун каражатынын эсебинен дагы 63 жасалма дем алдыруу аппаратын алуу боюнча тендер өткөрүлгөн. Андан сырткары, өткөн жумада Өзбекстандан 100 БИПАП-аппараты келген. Дагы 220 жасалма дем алдыруу аппараты керек»,-деди ал.

 

Эске сала кетсек, июль айынын башында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев өлкөдө медициналык жабдыктар менен көйгөй бар экендигин, тагыраак айтканда, дагы 220 жасалма дем алдыруу аппараты жана кычкылтек концентраторлору жетишпей жаткандыгын билдирген.

Тэги: жасалма дем алдыруучу аппарат Саламаттык сактоо министирлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу