Социалдык фонддун кол-борборуна январь-февраль айдын ичинде 8 миң 137 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу фонддун сайтында маалымдалат.
Февралда кол-борборго 3 миң 416 кайрылуу келген. Андан сырткары официалдуу сайтка 727 электрондук кайрылуу онлайн жана офлайн режиминде келип түшкөн.
КР Соцфондунун колл-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.