Сокулукта аз камсыздалган 12 үй-бүлө турак жайлуу болду. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.
Алтын-Ордо жаӊы конушундагы үйлөр коомдук бирикменин демѳѳрчүлүгү менен курулуп, көп балалуу аялдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тапшырылды. Анда бардык шарттар каралган.