Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Белорус комиссиясынын жыйыны болду

24.02.2020, 09:10 Акчабар
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Белорус комиссиясынын жыйыны болду

Минск шаарында (Беларусь Республикасы) Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун жана Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Владимир Кухаревдин төрагалыгы алдында соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-белорус комиссиясынын тогузунчу жыйыны болду.

Тараптар Кыргыз Республикасындагы жана Беларусь Республикасындагы экономикалык кырдаал тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп, кыргыз-белорус соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Жыйындын күн тартибине өнөр жай, техника жеткирүү, энергетика, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба, айыл чарбасы жана агроөнөр жай комплекси, санариптик трансформация тармактарындагы, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маселелер киргизилген.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасы Беларусь Республикасы менен достук жана өз ара кызматташтык мамилелерине өзгөчө маани берерин белгиледи. Ал буга байланыштуу эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын бекемдөөнүн, соода жүгүртүүнү тереңдетүүнүн, инвестициялык өз ара кызматташтыктын дараметин жогорулатуунун, эки өлкөнүн кызыкчылыктарына дал келген долбоорлорду ишке ашыруунун зарылдыгына токтолду.

Жыйындын соңунда соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-белорус комиссиясынын тогузунчу жыйынын Протоколуна, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Беларусь Республикасынын Айыл чарба жана азык-түлүк министрлигинин ортосунда Айыл чарба жана азык-түлүк тармагындагы кызматтташтык тууралуу келишимге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгү менен Беларусь Республикасынын Гомель облустук аткаруу комитетинин ортосунда Соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана маданий чөйрөдө кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду.

Тараптар 2021-2022-жылдары Кыргыз Республикасында Беларусь Республикасынын Маданият күндөрүн жана Беларусь Республикасында Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүн өткөрүү боюнча макулдашты.

Мындан тышкары тараптар 2020-жылы Ош шаарында белорус ишкерлеринин соода-экономикалык миссиясын жана бизнес форумун уюштуруу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Жыйындын соңунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белорус тарапка, Комиссиянын тең төрагасы Владимир Кухаревге иш-чараны мыкты уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирип, Комиссиянын кезектеги жыйынын 2021-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөрүү сунушун берди.

Тэги: Кыргыз-Белорус соода-экономика жыйын

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу