Коңшу республикалар Кыргызстанга энергетикалык каатчылыктан чыгуу үчүн 1,65 миллиард киловатт-саат электр энергиясын беришет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин электр энергетика башкармалыгынын башчысы Марат Жээнбеков бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйында билдирди.
Келишимге ылайык, Казакстан 900 миллион киловатт-саат, Өзбекстан 750 миллион киловатт-саат электр энергиясын берет. Электр бөлүмүнүн башчысы электр энергиясы өлкөлөр ортосундагы товар алмашуунун негизинде берилип жаткандыгын баса белгиледи.
Ошондой эле, Жээнбеков алдыдагы жылытуу мезгилинде массалык түрдө өчүрүүлөр болбойт деп ишендирди.